23-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Суусамыр.

23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.  Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 29…31° болот.