Тбилисиде демонстрант каза болгону тастыкталган жок

Тбилиси. 23-июнь, 2019-жыл.

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде ишемби күнү нааразылык акциялары ага чейинки күндөрдөгүдөй анча кызуу жүргөн жок. Адамдар салыштырмалуу азыраак чыгышты.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 20-июнда полиция менен кагылышуудан жабыркагандардын бири каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

Айрым маалымат каражаттары көзү жабыркаган бир демонстрант ооруканадан жан бергенин жазып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар мекемеси бүгүнкү күндө ооруканада 54 адам дарыланып жатканын, алардын экөө реанимацияда экенин маалымдады.

Тбилисиде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 290 адам түрдүү жараат алганы, алардын 80и күч кызматкерлери экени айтылган.

20-июндагы нааразылыкка орус Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун «Грузияны сыйлабастык» катары баалашты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат. (RK)