Уранды иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланат

Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын аймагында уран табыш үчүн геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу жана Канат Керезбеков.

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкуулангандан кийин, 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Мунун алдында жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдерди өткөрүшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирген. (КЕ)