Депутаттын сабалышына кызганыч түрткү болгону айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында жергиликтүү кеңештин депутатынын сабалышына кызганыч себеп болгонун Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, депутатты 24-июнда сабап кетишкен. Ал жараат алып, Сокулук райондук бейтапканасына түшкөн. Дарыгерлер анын абалын «орточо оор» деп баалашкан.

Окуяга шектүү катары 38 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганы, ал мурдагы аялы менен депутаттын ортосунда мамиле болгондуктан ажырашып кеткенин айтканы кабарланды.

24-июнда экөөнүн ортосунда кайым айтышуу мушташка чейин жетип, бири экинчисин сабап салган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы маалымдалды.