Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-июнда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күңдүз 31…36;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градуска чейин жогору болот.
Бишкекте 26-июнда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.