Тбилисиде оппозиция лидерин камоо коркунучунан улам Орусияга каршы нааразылык акциясы алтынчы түн ичинде да уланды. Миңдеген адамдар ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышууда.
25-июндун кечинде Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргелашвили парламент алдындагы акциянын катышуучуларына кайрылып, «азыр көрүп турган, жаңы тарыхы жазылып жаткан Грузия менен, аянтта тургандар менен сыймыктанарын» билдирди. «Бул тарых кан менен жазылып жатканы өкүнүчтүү» деди ал.
- Ушул аянтта чындык жана күч бар. Ушул жерде Грузиянын жаркын келечегине болгон каалоо-тилек бар. Силердин өз талаптарыңар үчүн бекем турганыңар маанилүү. Бул сөзсүз түрдө жеңишке алып барат, - деди экс-президент.
Мындан сырткары ал мурдагы муундун жаңылыштыгын кайталабоого үндөп, Грузиянын эл аралык өнөктөштөрүнө да кайрылды.
- Биздин өнөктөштөр Орусия идеологиялык күрөштө жеңип жатканын көп айтышат. Бүгүн мен жаңы Грузияны көрүп кетүүгө чакырам, - деди ал.
Мындай нааразылыкка орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун өткөн аптада Тбилисидеги сапары учурунда парламент спикеринин ордуна отурганы себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган.
Муну Грузияны сыйлабастык катары баалаган демонстранттар Москванын саясатын кескин айыптап, грузин бийлигинен шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылууга өтүшкөн. Нааразылыктын биринчи күнүнөн кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.
Бирок митингчилер кеңири талаптары аткарылмайынча, каршылык акциясы улана берерин билдиришүүдө. Алар ички иштер министринин кызматтан кетишин жана 20-июнда демонстранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлерин жоопко тартууну да талап кылып жатышат.