29-июнда Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градуска жетет. Жаан-чачын болбойт.