WADA уюму Кыргызстанда жыйын өткөрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кызытмага каршы эл аралык агенттик (WADA) 2020-жылы Кыргызстанда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Аманкуловдун айтымында, жолугушууга 50гө жакын өлкөнүн спорт министрлери катышат. Иш-чара кызытмасыз спортту даңазалоо максатын көздөйт.

2016-жылы кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Олимп оюндарында коло медалга ээ болган. Бирок "кызытма колдонду" деген жүйө менен жеңиши жокко чыккан. Бирок ал өзү таза экенин билдирген. (RK)