Кой-Ташта Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы ишин улантууда

Кой-Таштагы штаб.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн короосунда түзүлгөн «элдик штаб» жана басма сөз борбору иштеп жатат. Бул тууралуу Асел Кодуранова жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Алга Кылычов билдирди.

22-июндан бери Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. 

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду. (TSh)