Трамп Ким Чен Ынды АКШга чакырды

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын. 30-июнь, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги 1-июлда эки лидердин жолугушуусу «кызыктуу» жана «тарыхый» болгонун жазды. Анда эки тарап Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүнү макулдашканы айтылат.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 30-июнда эки Кореяны бөлүп турган аймакта жолугушту.

Трамп Түндүк Кореянын аймагына өткөн биринчи америкалык президент болуп калды.

50 мүнөттөй Ким Чен Ын менен көзмө-көз сүйлөшүүдөн кийин Трамп эки тарап туңгуюкта турган өзөктүк келишим боюнча диалогду жакынкы апталарда башташ үчүн тапшырма беришкенин, Кимди АКШга чакырганын билдирди.

Өз кезегинде Ким Трамптын Түндүк Кореяга келишин «чечкиндүү кадам» деп сыпаттады.

Эки лидер өткөн жылдын 12-июнунда алгач ирет Сингапурда жолуккан. Андан кийин быйыл февралдын аягында Вьетнамда кездешип, бирок сүйлөшүү аягына чыккан эмес.