Токмокто жыйырма киши тамактан ууланды

«Тез жардам» машинеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Токмок шаарында 20 киши тамакка ууланганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Маалыматка караганда, уулангандар бүгүн эртең менен Токмоктун аймактык ооруканасына түшкөн. Төртөө ооруканага жаткырылды.

Алардын абалы канааттандырарлык. Уулангандар жекшембиде тойго барганы кабарланууда. Учурда окуянын себеби иликтенип жатат. (NT)