Конституциялык палатанын мурдагы башчысы сыйланды

Эркинбек Мамыровго сыйлык тапшыруу учуру.

Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы бул мекеменин «Ак ниет кызмат үчүн» деп аталган биринчи даражадагы медалы менен сыйланды.

Палатанын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул сыйлыкка ал Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы жана төраганын милдетин кынтыксыз аткарганы үчүн татыды.

Мамыровдун иш мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бул кызматка өткөн аптада Карыбек Дүйшеев дайындалган. (RK)