Путин Аскер-деңиз флотунун жоокерлеринин өлүмүн иликтөөнү тапшырды

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун 14 жоокеринин өлүмүн иликтөөнү коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырды.

Путин Шойгуну 2-июлда кабыл алып, окуяны «флот, жалпы эле армия үчүн чоң жоготуу» деп атады. Ал министрге иликтөөнү жерине барып жүргүзүүнү тапшырды.

1-июлда Баренц деңизинде Түндүк аймактык Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн каза болушкан.

Кырсык изилдөөнүн алкагында биометрикалык ченөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгону, жоокерлер иске ууланып өлгөнү кабарланган.