Финансы министринин жаңы орун басары дайындалды

Финасы министрлигинин имараты.

Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгөнчөков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Сүйөркул Абдыбалы тегин финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Министрдин жаңы орун басарын борбордук аппараттын жамаатына өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев тааныштырды. (КЕ)