ЭВФ Пакистанга 6 миллиард доллар насыя берет

Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Пакистанга 6 миллиард доллар насыя бермей болду. Насыя үч жылга берилмекчи.

Буга чейин Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөнүн оор абалда турган экономикасын көтөрүш үчүн карыз сурап, ЭВФке кайрылган.

Каражаттын 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү биринчи траншы 3-июлда бөлүндү. Эми Пакистан экономикалык реформаларды жүргүзүүгө тийиш.

Исламабад өткөн айда насыянын шарттарына көнүп, чыгымдарды жана аскердик тармакка кеткен акчаны кыскартуу планын жарыялаган.