Сурамжылоо: элдин алты пайыздан көбү Кыргызстандан кетүүнү көздөйт

Эгемендик майрамында тартылган сүрөт. 2018-жыл, 31-август.

Кыргызстанда калктын 54,4% жашоо-шартына канааттанат. Нааразы болгондор 43% көп. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» эл арасында жүргүзгөн сурамжылоодон ушундай тыянак чыгарды. Жашоого канаат кылгандардын эң көбү Баткенде, андан соң Ош шаарында жашашат. Бишкек шаарында нааразы пикирдегилер басымдуураак. 

22-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодогу жоопторго ылайык, жарандардын 6,1% өлкөсүнөн кетүүнү пландайт. Алар 39 жашка чейинкилер. Эркектерге караганда аялдар көп. 

Башка өлкөгө көчүп кетүүнү каалагандар өнүккөн өлкөлөрдөгү жетишкендиктер менен Кыргызстандагы жагдайды салыштырышкан. Алар чет мамлекетке кетип калган тууган-тааныштарынын жашоосу жакшырганын айтышкан. 

Сурамжылоонун жыйынтыгынын дагы бир пунктуна ылайык, чет мамлекеттерге көчүп кеткендердин бештен бири Кыргызстанга кайтып келген. (SE)