Бишкек-Шаржа багытындагы түз авиакаттам иштей баштайт

"Манас" эл аралык аэропорту.

«Air Arabia» авиакомпаниясы 5-июлдан тарта Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттам жүргүзө баштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каттам жумасына төрт жолу болот деп билдирген. 

Шаржа-Бишкек каттамы өкмөттүн 2013-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда.

Кыргызстандан ушул тапта Орусиянын бир канча шаарына, Түркиянын Стамбул, Анталия шаарларына, Өзбекстандын, Казакстандын борборлоруна жана Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарына түз каттамдар бар.