Германиянын жараны ИМге кошулганы үчүн кесилди

Иллюстрациялык сүрөт.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулганы үчүн айыпталган Германиянын 32 жаштагы тургуну беш жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди Штутгарт шаардык соту 5-июлда чыгарды.

Сабинэ Ульрике С аттуу аял, 2013-жылдын соңунан 2017-жылдын август айына чейин Сириянын аймаганда жашаганы айтылууда.

Прокурорлордун версиясына ылайык, ал Сирияга бараары менен террордук топтун согушкерине турмушка чыккан.

Айыпталуучунун күйөсү 2016-жылы кармашта өлтүрүлгөн. Прокурорлор Сабинэ С башка жарандарды террордук топтун катарына тартуу максатында аны даңазалаган блогдорду жазып келгенин билдиришти.

Сотто Сабинэ Э “Ислам мамлекети” радикал уюмунун аракеттерине аралашуудан баш тартканын билдирди.

Ал 2017-жылы Сириядагы күрт күчтөрүнүн колуна туткунга түшүп, Германияга былтыр апрелде кайтарылган.