Куланакта «Кулатуу эртаймаш» беттеши өтөт

«Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев (ортодо). Сүрөттүн Куланактагы беттешке тиешеси жок.

Нарын облусунун Куланак айылында 6-июлда "Кулатуу эртаймаш WEF 81 PROFGIGHT 34" эл аралык турнири өтөт.  «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, кечке жуук башталчу турнирдин алкагында 18 беттеш болот.

- Ага Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан мушкерлер катышат, - деди ал. 

Спорттун "Кулатуу эртаймаш" түрү Кыргызстанда соңку жылдары кеңири жайыла баштады. (SE)