Нарында Салянованы бошотуу талабы менен кол топтоп жатышат

Кол топтоо учуру. 6-июль, 2019-жыл.

Нарын шаарында активисттер мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованы камактан бошотуу талабы менен кол топтоп жатышат.

Уюштуруучулардын бири Аяткан Абдыкапарова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 6-июлда алар эл аралап түшкө чейин 400дөн ашуун адамдын колун чогултушту. Аны мамлекет башчыга жиберишмекчи. 

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган.

Бишкек шаардык соту 5-июлда бөгөт чарасын карап, аны 26-августка чейин абакта калтырды. (SE/MiK)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок