Райондук сот Молдомуса Конгантиевди актады

Молдомуса Конгантиев

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин үстүнөн сот иши 5-июлда аяктады.

Ага каршы ачылган иштин курамында кылмыш аныкталбаганы үчүн сот аны актаганын адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Прокуратура он күн аралыгында бул чечимге каршы шаардык сотко кайрылса болот.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айыппул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.