Адвокат: Аида Салянованын оорусу күчөп жатат

Аида Салянова.

Камактагы экс-башкы прокурор, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын оорусу күчөп жатат. Бишкектеги №1 Тергөө абагына кайра которулгандан бери анын саламаттыгы начарлай баштаганын адвокат Рабига Садыкова «Азаттыкка» билдирди:

- Салянованын абалы начар. Жүрөк оорусу бар. Операцияга даярданып жаткан. Операцияга даярданып, дарыгерлер дарылайбыз деп жатканда кайра тергөө абагына алып кетишкен.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин Биринчи май райондук соту чечими менен 26-июнга чейин №1 тергөө абагында камалган.

Кийин анын абактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылган. Сот адвокаттардын мурдагы башкы прокурордун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызын бир нече жолу четке каккан.

Салянова 15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет. (NT)