Токтогулда сел жууп кеткен жолду тазалоо бүгүн да уланып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Токтогул районунун Саргата айылында 3-июлдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, Үч-Терек - Саргата ички чарбалык автоунаа жолунун 400 метр аралыгын, Саргата - Такталык ички унаа жолунун да 400 метрин сел каптаган.

Учурда автоунаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Ал эми Базар-Коргон районунда Орок-Суу сайынан сел жүрүп, Кызыл-Үңкүр айылынан Кең-Көл жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 18-чакырымын болжол менен 450 куб метрин кум-шагыл каптаган.

Тартылган техниканын жардамы менен жол толугу менен тазаланып ачылды. (RK)