АКШ Ормуз жана Баб-эл-Мандаб кысыктарын кайтарган коалиция түзөт

Жозеф Данфорд.

Кошмо Штаттардын бийлиги Ормуз жана Баб-эл-Мандаб кысыктарында кемелердин ээн-эркин жүрүшүн көзөмөлдөгөн эл аралык коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөр штабынын комитетинин башчысы, генерал Жозеф Данфорд 9-июлда журналисттерге билдирди. 

Анын айтымында, коалицияны башкарууну Пентагон колго алат. Ал эми коалицияга кирген башка мамлекеттер деңиз жолдорун кайтарат.

- Биз азыр бир катар мамлекеттер менен коалиция боюнча иштеп жатабыз. Бул коалиция Ормуз жана Баб-эл-Мандаб кысыгында кемелердин коопсуздугун камсыздамак,- деди Данфорд.

Вашингтондун бул демилгеси Иран менен чыңалуу күчөп турган чакта жарыяланды.

Быйыл 13-июнда Оман булуңунда Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелерине чабул коюлган. АКШ чабуул үчүн Иранды айыптаса, Тегеран окуяга тиешеси жок экенин билдирип, бул чагымчыл аракет болушу мүмкүн экенин ишарат кылган.