Тажик абагындагы уулануу боюнча тергөө уланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда абактагы уулануу боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Алар «Ууланууга нан себеп болдубу? Нанды ким берди – соттолуучулардын наны беле же түрмө кызматкерлери бергенби?» деген суроолорго жооп издешмекчи.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали экспертиза жасалып жатканын билдирди: 

Ушул тапта үч экспертиза жүргүзүлдү, алар нандын сапатына жана курамына анализ жасашты. Дагы бир нече экспертиза жасалып, ууланууга нан себеп болдубу же жокпу, мына ушуну тактайт.

7-июлда бир абактан экинчисине которулуп бараткан 14 адам ууланып каза тапкан. Кырсык соттолуучуларды Согди облусунан башка шаарлардагы түрмөлөргө которуп жаткан маалда болду. Расмий маалымат боюнча, соттолуучулар нанга ууланган.