Алмазбек Атамбаевдин тарапкери УКМКга суракка чакырылды

3-июлдагы Бишкекте өткөн митинг

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митингде сөз сүйлөгөн Фархад Бабиев УКМКга суракка чакырылды.

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Бабиевди күбө катары 13-июлда Тергөө башкармалыгына келүүнү буюрган.

Жолдубаева Фархад Бабиевдин 3-июлда Бишкекте өткөн нааразылык акциясында сөз сүйлөп, бийликке каршы сын айтканын белгилеп, чакырууну ошого байланыштырып жатат.

Ал эми УКМК бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.(BkA)