Орусия космоско жаңы телескоп учурду

Кара туңгуюктун телескоптон тартылган сүрөтү. Бул сүрөттүн кабардагы телескопко байланышы жок.

Орусиянын «Протон-М» ракетасы космоско заманбап телескобун ийгиликтүү алып чыкты. Ракета 13-июлда Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулду.

Германия менен бирге иштелип чыккан «Спектр-РГ» телескобу «Спектр-Р» телескобунун ордун ээлейт. Январда «Спектр-Р» менен байланыш үзүлүп калган эле.

Роскосмос «Спектр-РГ» мурдагы телескоптун миссиясын - негизинен кара туңгуюкту жана магнит талаасын изилдөөнү уланта турганын, Жердин картасын толуктоого көмөктөшөрүн маалымдады.

Телескоп үч ай учуп, Жерден 15 миллион чакырым аралыктагы акыркы дарегине жетери пландалып жатат. Аны алгач 21-июнда учуруу пландалып, техникалык мүчүлүштүктөн улам ишке ашпай калган.