Эс алууга барып тоодон кулаган жигит каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында тоого эс алганы чыккан төрт кишинин экөө тоодон кулап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кырсык боюнча маалымат 15-июль күнү түнкү саат 02:00 чамаларда түшкөнүн билдирди.

Жерине жалпы 10 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандардын бири, 2001-жылы туулган жигит ооруканада каза болгон. (BTo)