Казакстан: Токаев коргоо министрине катуу сөгүш берди

Коргоо министри Нурлан Ермекбаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Арыстагы аскердик кампадагы жарылууга байланыштуу коргоо министри Нурлан Ермекбаевге катуу сөгүш жарыялады. 15-июлда биринчи жолу өкмөттүн кеңейтилген отурумун өткөргөн президент Токаев Арыстагы жарылуунун себебин «системалык кемчиликтен жана аскердик мекемедеги көзөмөлдүн жетишсиздигинен» көрө турганын айтты. 

- Мен Коргоо министрлигиндеги абалга канааттанбай турганымды билдирем. Ошондуктан сизге катуу сөгүш жарыялайм, - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ермекбаев коргоо министри болуп былтыр августта дайындалган. Ал өкмөт отурумунда Арыстагы аскердик кампалар 2020-жылдын акырына чейин көчүрүлө турганын маалымдады. 

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Жергиликтүү бийлик 28-июнда шаар жарылуудан чачыраган ок-дарыдан толук тазаланганын билдирген. Ошол күнү үй-жайын таштай качкан тургундар Арыска кайтып келген. Айрым тургундар бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылышкан.