Алай өрөөнүн даңазалаган маалымат жүрүшү башталды

Ленин чокусу.

Памир-Алай аймагын тааныштыруу иретинде өтүп жаткан маалымат жүрүшүнө Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Швейцария жана Кыргызстандан элүүдөн ашуун туристтик ишканалар катышууда.

Иш-чараны Швейцариянын "Хельветас" фондунун колдоосунда «Бай Алай» программасы уюштуруп жатат.

Маалымат жүрүшүнүн катышуучулары 17-июлда Ошто жолугуп, шаар айланышты жана палоо жасоону үйрөнүштү.

Андан ары Чыйырчык ашуусун ашып, Алай жана Чоң-Алайдагы Сары-Ой, Ак-Босого, Чолок-Кайың, Шагдар жайлоолорун көрүшөт. Гүлчөдө жаңы кофекананын ачылышына күбө болушат.

Иш-чаранын өзөгүн Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун түбүндө уюштурулган этнофестивал түзөт. Конокторго Алай, Чоң-Алай кыргыздарынын тарыхый жашоо турмушу, салт-санаасы театралдаштырылып көрсөтүлөт. Мындан тышкары аймактагы тарыхый жерлер, петроглифтер менен тааныштыруу болот. Маалымат жүрүшү 22-июлда аяктайт. (MdN)