Салык кызматынын жетекчиси алмашты

Кабыл Абдалиев

Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абдыжапаров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин башка жарлыгына ылайык, Салык кызматынын төрагасы болуп Кабыл Абдалиев дайындалды. Абдалиев 2012-жылы Салык кызматын жетектеген эле.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков салык жыйноо боюнча иш чабал болуп жатканын айтып, сынга алган болчу.

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда салык жыйноодо соңку сегиз жылда алгачкы жолу өсүш болгон жок. (BkA)