Караколдо 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп кетти

Сууга чөккөн кызды алып чыгуу учуру. Күбөлөрдүн сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 23-июлда Караколдо көл жээгинде 17 жаштагы кыз сууга түшүп жатканда чөгүп кеткен. Ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан келген.

Кыздын сөөгүн куткаруучулар суудан алып чыгып, туугандарына берген. Окуя саат 12:00 чамасында болгон.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кырсыктардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагындагы кумжээктерге жана коомдук жайларга 188 маалымат-эскертүү баннерлер даярдалып орнотулганын билдирди. (KS)