Анкарада Беларус элчилигинин кеңешчиси ок жеп ооруканага түштү

Түркиянын борбору Анкара шаарында Беларус элчилигинин кеңешчиси Александр Поганшевди белгисиз киши атып кетти. Дипломат оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Кылмышка шектүү өзүнө өзү кол салганы кабарланды. Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, кол салган киши Поганшевдин коңшусу болгон жана алардын ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги дипломатка кол салган адам психикалык жактан ооруганын билдирди.