Бажы кызматы Казакстандын айыптоосуна жооп кайтарды

Кыргыз-казак чек арасы.

Мамлекеттик бажы кызматы Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргызстанды аткезчиликке айыптаган билдирүүсүнө жооп берди. Мекеме анда Казакстан менен Кытайдын соода алакасында да күмөндүү жагдайлар бар экенин белгилеп, коңшу мамлекетке кине таккан маалыматтарды келтирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-июлда тараткан билдирүүдө, Кытайдан Казакстанга ташылган товардын көлөмү боюнча эки тарап көрсөткөн сандарда өтө чоң айырма бар экени келтирилген. Айырма 2015-жылы 3,3 млрд. доллар болсо, 2018-жылы 6 млрд. долларга чыкканы көрсөтүлгөн.

“Мындай жол менен Казакстандагы жабдылган өткөрмө пункттарга карабай аталган көйгөй тереңдеп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен катар кыргыз тарап Казакстандын өткөрмө бекеттеринде өткөрүү алар айткандай жеңил эместигин, Орусияга бараткан Кыргызстандын жүктөрү жана Кытайдан транзит аркылуу бараткан жүктөр кыргыз-казак жана казак-орус чек араларында ашыкча текшерүүгө алынып жатканы көрсөтүлгөн. Бажы кызматы Казакстандын аракетин Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин жана Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерин бузуу катары баалады. Билдирүүдө кыргызстандык миңдеген автоунаалар кодулоого туш болуп жатканы айтылат.

Мамлекеттик Бажы кызматы бажы көзөмөлүн ачыктыкка алып келүүдө болгон аракетин жасап жатканын белгилеп, казак тарап келтирген фактыларга төгүндөө берген жок.

Казакстандын Финансы министрлигинин Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети 22-июлда расмий сайтына билдирүү коюп, Кытайдын товарлары Кыргызстан аркылуу Казакстанга жашыруун өткөрүлүп жатат деп жарыялаган. Анда Кыргызстан тараптан келген жүктөрдү анализдөөдөн кийин, ушул жылдын 1-кварталында жок адамдарга товар жөнөтүү боюнча 1800 факты аныкталганы, алардан каржылык жоготуу 1 млрд. теңге деп бааланып жатканы айтылган. (ErN)