"Ак шоола" балдар хору Түркияда алгач ирет концерт берди. Бурса шаарында 24-июлда болгон концертти калаанын мэриясы уюштурду. "Ак шоола" хорунун жеткинчектери репертуарындагы 10дон ашык чыгармаларын аткарышты.
"Ак шоола" буга чейин Түркиянын Малатия шаарындагы фестивалга катышкан.
1985-жылы түптөлгөн балдар хорунда ондогон балдар ырчылык өнөрүн үйрөнүп, чыгармачылык менен алектенишет. (ElB)