Жээнбеков Рахмон менен жолугушуусун тарыхый деп баалады

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусун тарыхый деп баалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдарынан бери алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду», - деди Жээнбеков.

Ал кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалды биргелешип иликтеп, мындан ары буга окшогон окуяларды болтурбоо чараларын көрүш керектигин айтты. Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон алгач Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугуп, кийин эки тараптуу сүйлөшүү Тажикстандын Исфара шаарында уланды.

Алардын сүйлөшүүсү 27-июлда Чолпон-Ата шаарында улантылат. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат. (BTo)