29-июлда абанын температурасы 40 градуска жетет

29-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 34…39;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 32…37;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 37…39 градус ысык болот.