Психиатриялык ооруканадан качкан бейтап изделүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадан качкан адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 20 жаштагы Азамат Токушев 27-июлга караган түнү качып кеткен.

Сокулук райондук соту аны бул ооруканада күчтөп дарылоого 2018-жылы жөнөткөн.

Милиция эгер ал тууралуу маалымат болсо 0 (312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27 , 0 (500) 05-88-06 же 102 номурларына телефон чалып кабарлоону өтүндү.