Өзгөчө кырдаалдар министрлиги августтун алгачкы үч күнүндө Кыргызстанда аба абдан ысый турганын билдирип, адамдарды күндүз күн ачык жерге көп чыкпоого чакырды.
Синоптиктердин билдиришинче, 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулап, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41ге жетет.
Адистер бул күндөрү айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк сугаруу зарылдыгын да белгилөөдө.