Психиатриялык ооруканадан качкан бейтап табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан качкан бейтап табылды. Облустук милициянын маалыматына караганда, ыкчым издөө иштеринин натыйжасында ал Кеминден табылып, кайра ооруканага өткөрүлүп берилди.

Азамат Токушев аттуу адам 27-июлга караган түнү качып кеткени кабарланган.

Милициянын маалыматына караганда, Сокулук райондук соту аны бул ооруканада күчтөп дарылоого 2018-жылы жөнөткөн.