Болгария АКШдан согуш учактарын алат

Болгариялык депутаттар АКШ менен келишимди талкуулап жатышат. София, 26-июль 2019-жыл

Болгария Кошмо Штаттардан 1,67 миллиард долларга Ф-16 истребителдерин алмакчы. Келишимге кол коюу үчүн өлкөнүн быйылкы бюджетине өзгөртүү киргизилди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жасаган билдирүүдө “Биз премьер-министр Бойко Борисовдун жана болгар өкмөтүнүн кубаттуу, НАТО колдонгон учактарды алуу менен армияны модернизациялоо аракеттерин кубаттайбыз” деп айтылат.

23-июлда Болгариянын президенти Румен Радев келишимге жол ачкан документке вето койгону менен мыйзам чыгаруучулар дагы бир жолу добуш беришти. Келишимде сегиз истребителден тышкары башка жабдууларды алуу каралган.

Ф-16 Болгарияга 2023-2024-жылдар аралыгында берилет жана советтик МиГ-29 учактарын алмаштырмакчы.

Болгария НАТОго 2004-жылы кошулган.