Орусияда 3 миллион гектарга жакын токой аянты күйүп кетти (видео)

Красноярск крайы. 30-июль, 2019-жыл.

Орусиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты. Красноярск чөлкөмүндө 1 миллиондон ашуун гектар жердеги токой күйүп жатат.

24 саатта өрттөрдүн саны 99дан 90го чейин азайганы менен аянты кеңейди. Иркутскиде 31-июлда эртең менен 670 миң гектар токой өрттөнүп жатканы маалымдалган. Анын 600 миң гектарын өчүрбөө чечими кабыл алынган.

Өрт Якутия менен Бурятиянын токойлорун да чалды.