Бишкекке өзбек өкмөтүнүн башчысы Абдулла Арипов келди

Ариповду вице-премьер Жеңиш Разаков тосуп алды.

Бишкекке иш сапар менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды.

Арипов Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Мындан тышкары аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Соңку кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү 2018-жылдын декабрында Ошто өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан. (RK)