«Чек арасыз кабарчылар» сөз эркиндигинин абалы боюнча Пакистан премьерин сындады

Пакистандын премьер-министри Имран Хан

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Пакистанда сөз эркиндиги өтө төмөндөп кеткенин билдирип, премьер-министр Имран Ханды абалды жөнгө салуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Имран Хан жакында АКШга жасаган сапары маалында Пакистанда сөз эркиндиги чектелип жатат деген сөздөрдү жокко чыгарган. Бирок уюм премьер-министрдин бул пикирине кошулбайт.

«Бул жерде сиздин жетиштүү маалыматыңыз жок экени көрүнүп турат. Демек сиз айлана-тегеректеги адамдарыңызды алмаштырышыңыз керек. Же болбосо сиз атайын эле фактыларды жашырып жатасыз. Сиздин милдеттериңизди эске алганда бул абдан олуттуу» деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Хан премьер-министрлик кызматка мурдагы кызмат адамдары коррупцияга айыпталып, өлкөнүн экономикасы чабал башкарылып жатканы тууралуу сындар айтылып жаткан учурда, 2018-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин келген. Аны аскер адамдарынын сөз эркиндигин чектеп жаткан аракеттерине каршы чара көрбөй жатат деп сындашууда.