Муфтият быйылкы Курман айт күнүн жарыялады

Бишкек. Айт намаз учуру. Архивдик сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Бул тууралуу бүгүн Мусулмандардын дин башкармалыгы кабарлады.

"2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет. Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдетин өтөп жүргөн мекендештер бул күнү Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушат" деп билдирди муфтият.

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6010 орун бөлгөн. Бул былтыркыдан 500 орунга көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду. (RK)