Курман айтка байланыштуу 12-август дем алыш күн болот

Бишкек. Айт намаз.

Быйыл Курман айт майрамына байланыштуу 12-август Кыргызстанда дем алыш күнү болот. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим муфтияттын токтомуна ылайык жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренесинин негизинде кабыл алынды.

- Дем алыш күнүнө же жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калса дем алыш кийинки жумуш күнүнө которулат деп Эмгек кодексинин 113-беренесинде жазылган. Ошого ылайык 12-август күнү эс алабыз. 

Муфтият Курман айт 11-августта белгиленерин, ал эми 10-август арапа күнү болорун бүгүн расмий жарыялады. 

Дин башкармалыгы белгилегендей, ажылык милдетин өтөп жүргөндөр бул күнү Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушат.

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6010 орун бөлгөн. Бул былтыркыдан 500 орунга көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду. (RK)