Мадумаров: бийликтин бул аракети – сабатсыздык (видео)

Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын курал колдонуу аркылуу ишке ашып жаткандыгынын мыйзамдуулугу күмөн туудурат. Мындай жагдайды Жогорку Кеңеш чукул сессия чакыруу аркылуу чечиши керек болчу. Саясатчынын пикиринде, күч колдонуу ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мадумаров: Кыргызстан президенттердин менчиги эмес

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

Айрым маалымат булактары Алмазбек Атамбаевди кармалгандыгын жазып жатышат. КСДПнын азыркы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодураңова мындай маалыматты төгүндөдү.