Ниязов: «Форумдагы» митинг болбой калды

Атамбаевди кармоо операциясы. 7-август, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Фарид Ниязовдун «Азаттыкка» айтканына караганда, буга чейин пландалган «Форум» мекемесинин алдындагы митинг болбой калды. Ниязовдун айтымында, «Кой-Ташты көздөй күч түзүмдөрү келатат» деген маалыматтан кийин ушундай чечим кабыл алынган. Кабарчыбыздын айтымында, Атамбаевдин тарапташтарынын айрымдары 7-августта жоокерлерден чечип алган кийимдерди, каскалар менен чопкуттарды кийип алганын көрүүгө болот.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай, күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышкан. Бир кызматкер курман болуп, атайын кызматтын алты өкүлү барымтага алынган. (КЕ/SDz)