Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Орусиядан дарыгерлер келет

Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан жаракат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Орусиянын Бурденко атындагы Улуттук нейрохирургия борборунан дарыгерлер келет.

Бул тууралуу чечим Курманкуловдун абалы боюнча бүгүн өткөн консилиумда кабыл алынды. Ага Кыргызстандагы дарыгерлер жана президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Консилиумда полковникти дарылоо туура жүрүп жатканы айтылып, мындан аркы кадамдар талкууланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Самат Курманкулов эсине келе элек

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген. (BkA)