Париждеги теракт үчүн айыпталган Абдесламга Брюсселдеги чабуул үчүн да айып коюлду

2016-жылдын 22-мартында Брюсселдин аба бекетиндеги жана метро станциясындагы чабуул 32 кишинин өмүрүн алган.

2015-жылы ноябрда Парижде болгон теракт үчүн шек саналгандардын ичинен жалгыз тирүү калган Салах Абдесламга Брюсселдеги жанкечтинин чабуулу үчүн да расмий айып коюлду. 12-августта Белгиянын федералдык прокуратурасы Абдеслам «террористтик топтун ишмердигине катышкан» деп күнөөлөнүп жатканын ырастады.

Прокуратура 2016-жылдын 22-мартында Брюсселдин аба бекетиндеги жана метро станциясындагы 32 кишинин өмүрүн алып, 340 адам жаракат алган жардыруулардагы Абдесламдын ролу боюнча кенен-кесири маалымат берген жок. Ал кезде Брюсселдеги чабуулдар үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алган.

Тергөөчүлөр да чабуул «Ислам мамлекетинин» Сириядагы франциялык-белгиялык канатынын тапшырмасы менен жасалганын билдиришкен. Ушул эле топ 2015-жылдын 13-ноябрында Парижде болгон, 130 киши көз жумуп, жүздөгөн киши жаракат алган терактты да уюштурганы айтылган.

Апрелде Белгиянын соту Салах Абдесламды аны кармоодо куралдуу каршылык көрсөтүп, полиция менен атышканы үчүн 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал Брюсселдеги чабуулдарга чейин колго түшүрүлгөн.

Франциялык Салах Абдеслам жардырууларга чейин Брюсселдин Моленбак аймагында жашаган. Учурда ал Париждеги терактка байланышкан иш боюнча айыпталып, Франциянын түрмөсүндө жатат.